Warning: filemtime(): stat failed for /var/www/vip.optimabank.kg/templates/privatebanking/js/template-kg-KG.js in /var/www/vip.optimabank.kg/templates/privatebanking/index.php on line 81
«Кайрымдуулук» аманат - Оптима Банк - вклады, кредитные карты, потребительские кредиты, сейфовые ячейки, автокредиты, ипотека

«Кайрымдуулук аманаты» - бул, мөөнөттүү депозит, ал боюнча  банктын пайыздык кирешесинин белгилүү бир бөлүгү кардардын атынын кайрымдуулукка багытталат. Учурда, бул кызмат көрсөтүү “Корпоративдүү бизнести тейлөө борбору” филиалында жеткиликтүү.  Аманат боюнча  ай сайын топтолгон пайыздардын бир бөлүгү, аутизм менен ооруган балдардын ата-энелеринин “Колдон колго”  Коомдук бирикмесине автоматтык түрдө чегерилет.

“Кайрымдуулук” депозитин – жакшылыкка инвестициялагыла!

Башка депозиттерден “Кайрымдуулук”  мөөнөттүү депозити, аманатчылар үчүн  пайыздык коюмдары жана депозиттин негизги суммасына кошумча төгүмдөрдү төлөө мүмкүнчүлүгү менен   айырмаланып турат. Депозит боюнча  сый акы, депозиттин баштапкы суммасына жана кийинки кошумча төгүмдөргө бирдиктүү коюм менен эсептелерин, белгилей кетүү керек. Аманат суммасынан ай сайын  жылдык 0,5%, аутизм менен ооруган балдардын ата-энелеринин “Колдон колго”  Коомдук бирикмесине автоматтык түрдө чегерилет.

Аманат шарттары:

  • Улуттук валютада аманаттын минималдуу суммасы – 1 500 000 сом, АКШ долларында  – 20 000 АКШ доллары;
  • Аманат мөөнөтү: 6, 9, 13, 18 ай;
  • Сый акыны төлөө  ай сайын жана/же мөөнөтү аяктаганда жүргүзүлөт; 
  • Кошумча төгүмдөрдү кабыл алуу,  келишим мөөнөтү аяктаганга чейин 30 күн ичинде токтотулат;
  • Пайыздарды капиталдаштыруу кардардын арызы боюнча  каралган;
  • Акча каражаттарын жарым-жартылай берүү жана автоматтык узартуу каралган эмес; 
  • Аманатчынын демилгеси менен келишимди мөөнөтүнөн мурда бузган учурда, сый акы өзүнчө пайыздык схема боюнча  төлөнөт. 

Валюта

6 ай

9 ай

13 месяцев

18 месяцев

KGS

5,5%

7%

9%

10%

USD

1%

1,5%

2,5%

3%

Joomla! Debug Console

Session

Profile Information

Memory Usage

Database Queries