Optima Bank | Apple Pay

Apple phone 1200x628 kg

Кыргызстанда биринчи жолу Optima Visa карты ээлери үчүн Apple Pay — сатып алууларды коопсуз, тез жана купуя төлөөнүн заманбап ыкмасы ишке киргизилди.

Кыргыз Республикасында Apple Pay кызматын заманбап төлөм технологияларын өнүктүрүү алкагында ишке киргизүү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын колдоосу менен ишке ашты.

Капчыкты үйдө калтырсаңыз болот

Эми дүкөндөрдө, сайттарда жана мобилдик колдонмолордо соода кылууда жаныңызда пластик картты алып жүрүүнүн кереги жок. Бардык төлөмдөрдү iPhone, Apple Watch, Mac, iPad жана Apple Vision Pro түзмөктөрүнүн жардамы менен бир тийүү аркылуу жүргүзсө болот. Төлөмдү ырастоо үчүн Face ID, Touch ID же код-паролду колдонуу жетиштүү.

Максималдуу коопсуздук жана купуялуулук

Apple Pay түзмөктүн ичине орнотулган Apple коопсуздук технологияларын колдонот. Картыңыздын номери түзмөктө сакталбайт жана төлөм учурунда сатуучуга берилбейт. Бул сиздин жеке маалыматыңыздын жана каржыңыздын корголуусун камсыз кылат.

Apple Pay кызматын кантип кошуу керек?

  1. Optima24 мобилдик колдонмосун ачып, керектүү картыңызды тандаңыз.
  2. «Apple Wallet-ке кошуу» баскычын басыңыз.
  3. Экрандагы көрсөтмөлөрдү аткарып, аракетти ырастаңыз — даяр!

Же түз эле Apple Wallet кызматынан жогорку бурчтагы «+» белгисин басып, картыңызды сканерлесеңиз болот.

Эми Optima Visa карттары менен сооданы Apple Pay колдонулган бардык жерде төлөй аласыз.

Ар бир күнүңүздү жеңил жана коопсуз төлөмдөр менен өткөрүңүз!