Warning: filemtime(): stat failed for /var/www/vip.optimabank.kg/templates/privatebanking/js/template-kg-KG.js in /var/www/vip.optimabank.kg/templates/privatebanking/index.php on line 81
Эсептик-кассалык тейлөө - Оптима Банк - вклады, кредитные карты, потребительские кредиты, сейфовые ячейки, автокредиты, ипотека

Сомдо жана чет элдик валютада банктык эсептерди ачуу жана жүргүзүү: 

  • Кардардын эсебине акча каражаттарын которуу; 
  • Кардардын эсебинен акчаларды которуу жана төлөмдөрдү жүргүзүү;
  • Кардардын эсебинен накталай акча берүү;
  • Накталай жана накталай эмес валюталарды сатып алуу/сатуу боюнча операцияларды жүргүзүү;
  • Кардардын талабы боюнча кезектеги эсеп боюнча көчүрмөлөрдү берүү.

Сомдо жана чет элдик валютада банктык акча которууларды жүргүзүү:

Биздин Банкта эсептин болушу, Сизге акча которуулар суммасы боюнча чектөөсүз 1 күндөн 3 күнгө чейинки банктык күндүн ичинде юридикалык, ошондой эле жеке жактардын пайдасына чет элдик банк-корреспонденттердин кеңири тармагы аркылуу, негизги эл аралык валюталарда акча каражаттарын которууга мүмкүндүк берет.    

 Туруктуу төлөмдөрдү төлөө

Туруктуу операциялар Сиз көрсөткөн күндөрү  Банк тарабынан күн сайын, жума сайын же ай сайын аткарылышы мүмкүн.

Бул кызмат көрсөтүүнүн алкагында Сизге төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөр берилет:

  • Кезектеги эсептен акча каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча Банкка узакка созулган тапшырма берүүгө; 
  • "Оптима Банкта"  ошондой эле  башка банктарда ачылган жана башка жеке жактардын же юридикалык жактардын эсептерине өзүңүздүн эсебиңизден акча каражаттарын которууга;
  • Туруктуу негизде өзүңүздүн каражаттарыңызды накталай эмес конверсиялоого.

Конверсиялоо жана валюта алмаштыруу операциялары

Конверсиялоо жана валюта алмаштыруу операциялары, операция жүргүзүлгөн күнү Банк тарабынан белгиленген курс боюнча эркин конвертацияланган валюталардын бардык түрү боюнча жүргүзүлөт. Конверсияланган каражаттардын көлөмүнө жараша жеке курстун берилиши мүмкүн.

Кассалык тейлөө

“Оптима Банк” өзүнүн колунда бар жетиштүү кардарларына, эркин конверсияланган валюталардын бардык түрлөрүндө кассалык тейлөөнү, алардын аныктыгына күмөн санаганда акча белгилерине экспертизаны сунуш кылат. 

Joomla! Debug Console

Errors

Session

Profile Information

Memory Usage

Database Queries